26.04.2019 10:32, Аман Бакиров

Бишкекте Ак үй алдында Кыргызстанда уран казууга каршы митинг жүрүп жатат

Бишкекте Ак үй алдында Кыргызстанда уран казууга каршы митинг жүрүп жатат

Бишкекте Ак үй алдында Кыргызстанда уран казууга каршы митинг башталды. Уюштуруучулардын айтымында, акцияны өткөрүүгө дүйшөмбү күнү мэриядан уруксат алышып, иш-чарага бардык каалоочулар чакырылган.

Иш-чаранын уюштуруучулары жана катышуучулары өлкөдө уран кендерин иштетүүгө толук тыюу салынышын каалашат  жана өлкөдөгү башка уран жайлары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашууларга кол коюлган-коюлбаганын тез арада текшерүүнү талап кылышат.

Уюштуруучулардын бири Элери Битикчи иш-чарага кайсы бир саясатчынын тиешеси жок экенин билдирди. «Мен мындай иш-чараны  биринчи жолу өткөрүп жатам, тажрыйбам жок. Эч бир саясатчы тарабынан каржыланган жокпуз. Уранды казып алуунун заманбап, коркунучсуз жолу бар деп бизди алдап жатышат. Бул - сандырактык. «Эр жигит - эл четинде,  жоо-бетинде» дейт. Биз жерибизди душмандан эмес, Бишкектин борборунда уран казуучулардан коргоого аргасыз болуп турабыз», -деди Битикчи.

Чогулгандардын арасында жарандык активист, КСДП мүчөсү Адил Турдукулов, Алга Кылычев, саясатчы Равшан Жээнбеков, мурунку элчи Кылыч Султан бар. 

Учурда чыгып сүйлөгөндөр урандын адам ден соолугуна зыян экенин айтып жатышат. Ошондой эле, 1986-жылы Чернобыль апаатында каза болгондорго бир мүнөттүк эскерүү жарыяланды.